Стамбулда орус жана украин делегацияларынын толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашты. Сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы буга чейинки жолугушуулардан кыска болду. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүүнүн алдында өзүнчө жолугушту.