Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” берген маалымат боюнча, бул өлкөдө мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге ("кара тизме") кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңге жетти. Алардын 30 пайызы балдар.
Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң чоң трагедия тууралуу жүз жыл өткөндөн кийин дагы ачыкка чыгып жаткан архив маалыматтар бар.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үч жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул берүү системасын киргизүүнү сунуштады. Ал 11-июлда өкмөттө жакырчылыкты азайтууга арналган жыйында колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарынын 21% гана жөлөкпул аларын чоң көйгөй катары сыпаттаган.
Кабулда төрт жыл мурун бийликти басып алып, Ооганстан Ислам Эмиратын түзгөн "Талибан" өкмөтүн Орусия расмий тааныды. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, соода жана инфраструктура боюнча бирге иштешүүгө аракет кылып жатканы менен талиб өкмөтүн расмий тааный элек.
20-июлда Kloop басылмасынын мурдагы кызматкери Кутман Каленов “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, УКМКда сурак бергени маалым болду. Аны кечинде кайра үйүнө кое беришкен.
Кыргызстандын Финансы министрлиги өлкө бийлиги атамекендик биринчи криптовалютаны чыгарууну пландап жатканын ырастады. Эки ай мурдараак Дубайдагы форумда Кыргызстан алтын менен камсыздалган жана доллардын наркына байланган USDKG аттуу стейблкоин чыгарганы жатканы маалымдалган.
Орусия Украинадагы согуш менен алек болуп жаткан чакта, түштүк ыптасындагы аймактарда, өзгөчө Армения менен Азербайжанда таасири алсырап баратканы байкалууда. Мындай жагдай башка оюнчулар үчүн, маселен Түркия, Евробиримдик жана АКШга эшик ачарын байкоочулар айтып жатышат.
Кыргызстандын Миграция министрлигинин өкүлдөрү Орусиянын тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугуп, ал жакта “кара тизмеге” кирип калган кыргыз мигранттарынын мыйзамдашуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө билдирди.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 12 жылдык окутууга өткөнүн жарыялады. Биринчи радиого курган маегинде, окуу куралдары даярдалып жатканын жана заманбап стандарттар менен окутуу программалары түзүлгөнүн белгиледи. 12 жылдык окууда балдар мектепке алты жаштан тарта барышат.
Чарбак суу сактагычынын жээгине пландалып жаткан Sea Breeze долбоору Өзбекстанда коомдук талкуунун чордонунда калды. Белгилүү азери ишкери Эмин Агаларов жетектеген бул мегадолбоор экологиялык жана укуктук маселелерди козгоп, социалдык тармактарда бир топ нааразылык жаратты.
Москванын мэри Сергей Собянин РИА Новости агенттигине маек куруп, ар бир мигранттын кирип-чыгышы, каттоого турушу, баскан-турганын аныктай турган атайын программа иштелип жатканын маалымдады.
Дагы жүктөңүз