Азербайжанды Нахичеван эксклавы менен байланыштырган маанилүү Зангезур коридорун АКШнын башкаруусуна берүү сунушу Түштүк Кавказдагы жаракаларды тереңдетип, Иранды бейпайга салды. Картага регионалдык байланыш жолдору гана эмес, Ирандын түндүгүндөгү чек арадагы геосаясий түзүлүш коюлуп жатат.
Казакстанда эркин журналисттер мурда коркутууларга, кысым көргөзүүнүн башка түрлөрүнө кабылып келсе, эми санариптик куугунтук көрүнүшү пайда болгонун талдоочулар белгилешет.
Стамбулда орус жана украин делегацияларынын толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашык убакытка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы буга чейинки жолугушуулардан кыска болду. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүүнүн алдында өзүнчө жолугушту.
Орусия Украинадагы согуш менен алек болуп жаткан чакта, түштүк ыптасындагы аймактарда, өзгөчө Армения менен Азербайжанда таасири алсырап баратканы байкалууда. Мындай жагдай башка оюнчулар үчүн, маселен Түркия, Евробиримдик жана АКШга эшик ачарын байкоочулар айтып жатышат.
Орусия 19-июлга караган түнү Украинанын аймагына жүздөгөн учкучсуз учактарды жана ондогон ракеталарды учуруп, Киевдин тургундары метродо баш калкалоого аргасыз болду.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылып жатат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израилдин тилкедеги рим-католик чиркөөсүнө урулган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Газадагы согушта күнүнө кеминде 28 баланын өмүрү кыйылат. Эки жылга жакындап бараткан урушту токтотуу боюнча Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Ал арада Израил аскрелеринин рим-католик чиркөөсүнө урган соккусун бир катар өлкөлөр айыптады.
2025-жылы Орусияда майданга ыктыярчыларды жалдап жөнөтүүнүн жаңы схемасы иштей баштады. "Доброкор" деп аталган схема аркылуу Украинадагы согушка бир жарым миңдей киши кеткен болушу мүмкүн. Бул структура Аскердик чалгын башкармалыгына (ГУР) баш ийет.
Украинанын Днепр шаары соңку түнү жапырт соккуга кабылганын, бир киши каза тапканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Доброполье шаарында набыт болгондордун саны үч кишиге жетти. Орусиянын расмий өкүлдөрү Белгород жана Воронеж аймактары украиналык дрондордун чабуулуна туш болгонун билдирди.
“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтары 2024-жылдын күзүндө жарыяланган “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” аттуу сынагынын жыйынтыгын чыгарды.
Украинадагы согушта олуттуу бурулушка кезек келдиби? Биринчи күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Муну менен катар ал "тынчтык келишимине жетишилбесе, орусиялык импортко 100 пайыздык тарифтер киргизилет" деген шарт койду.
Украинадагы согушта олуттуу бурулуш болобу? Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жиберүүнүн жаңы планын жарыялады. Америкалык лидер Москва тынчтык келишимине көнбөсө орусиялык импортко 100% тарифтер киргизилерин эскертти.
Дагы жүктөңүз