Огулжахан Атабаева - Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызы. Ал жакында атасын коштоп Баку шаарына барганда аларды азери лидери Илхам Алиев кызы Лейла менен тосуп алды. Түркмөнстанды 18 жылдан бери башкарган үй-бүлөнүн кызы соңку маалда саясатка батыл аралаша баштады.
Кыргызстандык таксист Эрнис Бердиев Москвада жүргүнчүлөрдүн зомбулугуна кабылганын "Азаттыктын" "Мигрант Медиа" долбооруна айтып берди. Окуя 29-мартта болгон. Эрнис Бердиев аны эки адам сабаганын айтууда. Орусиянын полициясы окуя тууралуу маалымат бере элек.
Соңку 13 айда Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. “Азаттык” алардын кеминде жыйырмасынын аты-жөнүн аныктап, жакындары менен байланышты. Орусия тарапта согушуп жүрүп, дайынсыз болгондор кимдер? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө айтып беребиз.