Германия гуманитардык виза программасын токтотту

Берлинде желбиреген немистердин туусу

Германия коргоого муктаж чет элдиктерге берилчү гуманитардык виза программасын токтотту. Бул тууралуу немистердин Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Соңку үч жылда саясий жүйө менен Орусиядан 3 миңден ашуун киши гуманитардык виза алганын укук коргоочулар белгилешет. Алардын арасында жарандык активисттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери бар. Гуманитардык визанын токтотулушу программанын буга чейинки катышуучуларынын немис жергесинде жүрүүсүнө таасир этпейт жана андай визаны узартуу бекитилген тартипте улана берет.

Гуманитардык виза куугунтукка кабылгандарга Германияга мыйзамдуу эмиграцияга кетүүгө жол ачканын "Ковчег" уюмунун негиздөөчүсү Анастасия Буракова DW агенттигине айткан. Эми коргоого муктаж чет элдиктер саясий башкалка гана сурай алат жана андай макам алгандардыну укугу да чектелүү.

Дагы караңыз

Стамбул: Киев лидерлердин жолугушуусун, Москва кыска мөөнөттүк ок атышпоону сунуштады Борбор Азиядагы цензура: Санариптик куугунтукка кабылгандар"Кыздар аралашкан дипломатия". Түркмөнбашыны жандаган Огулжахан