Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети дебюрократизация жараянынын алкагында аймактардагы маданият үйлөрү менен китепканаларды реформалоо тууралуу тескеме кабыл алды.

Ага ылайык, сакталууга тийиш деп эсептелген китепканалардын башкалары кайра уюштурулат, же жоюлат.

"Заманбап маалыматтык технологиялар өнүгүп, санариптик ресурстардын тез өскөн шартта айрыкча айыл жергесиндеги китепканалар олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Бюджеттик каражатты үнөмдүү пайдалануу, калкка маалыматты жеткиликтүү кылуу максатында китепкана тармагын оптималдаштыруу чараларын көрүү зарылдыгы келип чыкты. Ушул эле тескеме менен райондук маданият үйлөрүн жана айылдык клубдарды реформалоо каралган. Бул максатта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине типтүү көп функциялуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди",-деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Кыргызстанда аймактардагы китепканалар каралабай калганы, маданият үйлөрүн абалы, шарты начардыгы тууралуу нааразылыктар айтылып келген.

Дагы караңыз

Мамдума интернеттен "экстремисттик" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам кабыл алды Имангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырдыТуманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты Стамбулдагы Орусия менен сүйлөшүүгө украин делегациясын Умеров жетектеп баратКазак-өзбек чек арасында май ташылган жашыруун тоннел табылды Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду Укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды