Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46
Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түз ободо Украинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:24

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 120 343 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты. Ага ылайык, набыт болгондордун 27% келишим түзүп, согушка өз эрки менен баргандар.

Журналисттер өлгөндөрдүн 53% согушка чейин орус армиясы менен байланышы болбогонун аныкташкан. Алардын арасында өз ыктыяры менен баргандардан сырткары абактардан тартылгандар, мобилизация болгондор да бар.

Иликтөөнүн авторлору алардын колунда такталып жаткан дагы миңдеген билдирүү бар экенин маалымдап келишкен. Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт. Ошондой эле согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.

Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан мындан кеминде эки эсе көп экенин белгилешет.

Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эсебинде, Орусия согуш башталгандан бери миллион кишисинен айрылды. Анын 250 миңи өлтүрүлгөн. Украинанын жалпы жоготуулары 400 миң аскер деп эсептелет.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

19:24

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан 10 Patriot системасын сураганын, өнөктөштөрү менен анын үчөөнү жеткирүү тууралуу макулдашылганын билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Германия эки, Норвегия бир мындай системаны жөнөтүүнү бышыктаганын, Нидерланд менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Зеленский ошондой эле Киевдин алдында Patriot системаларын алууга каражат табуу милдети турганын кошумчалады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Patriot зениттик комплекстери үчүн ракеталар Украинага Германиядан жөнөтүлгөнүн билдирген.

Анын алдында Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “иш оң жагынан чечилип жатканын” айткан.

Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон. Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.

Көп өтпөй Трамп Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу бир канча жолу убада берген жана анын акысын НАТО төлөрүн жарыялаган.

11:37 24.7.2025

Орус армиясы 24-июлга караган түнү Одессага тынымсыз чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер анда шаардын тарыхый борборундагы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объекттер, имараттар жабыркаганын билдирди.

Чабуулдардан улам Одесса шаарындагы Привоз базарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар кызматы жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн маанилүү, тарыхый бул соода жайдагы өрттүн кесепетин жоюуга аракет жасалып жатканын маалымдады.

Ал арада Орусиянын Сочи шаарында дрондордон жасалган чабуулда бир аял мерт болуп, дагы бири жараат алганы кабарлады. Краснодар крайынын оперативдүү штабы дрондордун сыныгы Адлер районуна кулап түшкөнүн билдирди. Мунун алдында жергиликтүү бийлик шаардагы кара май база бутага алынганын кабарлаган.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

11:37 24.7.2025

Стамбулда орус жана украин делегацияларынын 23-июлдагы толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашты. Журналисттер жолугушуунун башында Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан сүйлөгөн соң калган жабык бөлүгү 30 мүнөттөй болгонун эсептешти.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы эң кыска болду, буга чейинки жолугушуулар бир сааттан ашуун убакытка созулган. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүү алдында өзүнчө жолугушту.

ТАСС маалымат агенттиги эки тарап жарандык жана согуш туткундарын алмашууну макулдашканын кабарлады. Украинанын делегациясы талкууга коюлган темалардын ичинде ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу жана президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусу болгонун билдирди.

Киев эки лидердин жолугушуусун августтун аягында өткөрүүнү сунуш кылганын Умеров билдирди. Ал жолугушууга АКШнын жана Түркиянын президенттери катышса болорун белгиледи.

Мединский Украинага согуш тилкесинде сөөктөрдү жана жарадарларды алып кетүү үчүн ок атышууну кыска мөөнөткө токтотуу сунушталганын билдирди. Ал ошондой эле Киев саясий, гуманитардык жана согуштук маселелер боюнча жумуш тобун түзүүнү талкуулоого макул болгонун кошумчалады. Ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум жөнүндөгү суроого эки тарап тең байланышты улантууга макул болгонун айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG