Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05
Май айынан бери Стамбулда украин жана орус делегациялары ушуну менен үчүнчү жолу жолугушту. 2025-жылдын 23-июлу.
Май айынан бери Стамбулда украин жана орус делегациялары ушуну менен үчүнчү жолу жолугушту. 2025-жылдын 23-июлу.

Түз ободо Украина: Сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өттү, Одесса тынымсыз аткылоого кабылды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:37 24.7.2025

Орус армиясы 24-июлга караган түнү Одессага тынымсыз чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер анда шаардын тарыхый борборундагы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объекттер, имараттар жабыркаганын билдирди.

Чабуулдардан улам Одесса шаарындагы Привоз базарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар кызматы жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн маанилүү, тарыхый бул соода жайдагы өрттүн кесепетин жоюуга аракет жасалып жатканын маалымдады.

Ал арада Орусиянын Сочи шаарында дрондордон жасалган чабуулда бир аял мерт болуп, дагы бири жараат алганы кабарлады. Краснодар крайынын оперативдүү штабы дрондордун сыныгы Адлер районуна кулап түшкөнүн билдирди. Мунун алдында жергиликтүү бийлик шаардагы кара май база бутага алынганын кабарлаган.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

11:37 24.7.2025

Стамбулда орус жана украин делегацияларынын 23-июлдагы толук курамдагы сүйлөшүүсү жарым сааттан ашты. Журналисттер жолугушуунун башында Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан сүйлөгөн соң калган жабык бөлүгү 30 мүнөттөй болгонун эсептешти.

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн 3-айлампасы эң кыска болду, буга чейинки жолугушуулар бир сааттан ашуун убакытка созулган. Бул жолу эки делегациянын башчылары Рустем Умеров менен Владимир Мединский сүйлөшүү алдында өзүнчө жолугушту.

ТАСС маалымат агенттиги эки тарап жарандык жана согуш туткундарын алмашууну макулдашканын кабарлады. Украинанын делегациясы талкууга коюлган темалардын ичинде ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу жана президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусу болгонун билдирди.

Киев эки лидердин жолугушуусун августтун аягында өткөрүүнү сунуш кылганын Умеров билдирди. Ал жолугушууга АКШнын жана Түркиянын президенттери катышса болорун белгиледи.

Мединский Украинага согуш тилкесинде сөөктөрдү жана жарадарларды алып кетүү үчүн ок атышууну кыска мөөнөткө токтотуу сунушталганын билдирди. Ал ошондой эле Киев саясий, гуманитардык жана согуштук маселелер боюнча жумуш тобун түзүүнү талкуулоого макул болгонун кошумчалады. Ал эми ок атышууну токтотуу тууралуу меморандум жөнүндөгү суроого эки тарап тең байланышты улантууга макул болгонун айтты.

14:17 23.7.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Киев менен Москванын кезектеги сүйлөшүүсүнө бара турган делегациянын курамын бекитти. Топ президенттин кеңсесинин башчысы Александр Бевз баштаган 14 адамдан турат жана аны мурдагы коргоо министри, жакында эле Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы болгон Рустем Умеров жетектеп барат.

Бир катар басылмалар сүйлөшүүлөр 23-июлда кечинде өтүшү мүмкүн экенин жазышты, бирок азырынча так күнү, сааты анык боло элек.

Буга чейин Зеленский Киев менен Москванын түз сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы Стамбулда 23-июлга белгиленгенин билдирген. Орусиялык басылмалар дагы жолугушуу ушул күнү өтүшү ыктымалдыгын жазышкан.

Тараптар бул жолу дагы "туткундарын айырбаштоо, жарандык инфраструктуранын жана чек ара аймагындагы коопсуздук" өңдүү чектелген маселелерди талкуулайт деп болжолдонуп жатат.

Киев менен Москва май жана июнь айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө согуш туткундарынын бир нече тобун алмашууну, башка гуманитардык маселелерди макулдашкан. Бирок ок атышууну токтотуу келишими жетишилген эмес. Украин президенти бул үчүн лидерлер жолугушушу керек деп айтып келатат.

Орусия ээлеп алган аймактардан украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылууда. Украина бул талапты караманча четке кагып жатат.

13:03 22.7.2025

Орусиянын армиясы 22-июлга караган түнү дагы Украинанын бир катар аймактарына, анын ичинде Краматроск, Славянск, Одесса, Сумы жана Херсонго сокку урду.

Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарындагы чабуулда башкарылган авиабомба көп кабаттуу үйгө тийди. Натыйжада он жаштагы бала набыт болуп, кеминде беш адам жараат алды. Бул тууралуу шаардык аскердик администрациянын башчысы Александр Гончаренко кабарлады.

Славянск шаарынын мэри Вадим Лях көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, бала бакча, административдик имараттар жабыркаганын маалымдады. Соккулардан кеминде беш киши жараат алганы айтылды.

Сумыда авиачабуулдан көп кабаттуу беш үй, 18 машина жана бир соода борбору жабыркады, үч адам, анын ичинде бир бала жараат алганы кабарланды.

Маалыматтарга караганда, Одесса менен Херсондо дагы жараат алгандар болду, кыйроолор бар.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG